Суббота, 21 сентября

Facebook, Instagram жана WhatsApp соцтармактарынын иши үзгүлтүккө учурады

0

Аталган соцтармактарынын ишиндеги үзгүлтүк Европа, АКШнын түндүк-чыгышында жана Филиппинде байкалды

Facebook, Instagram жана  WhatsApp тиркемелеринин барактары эртең мененден тартып ачылбай калды.

Бүткүл дүйнө жүзүндөгү системанын үзгүлтүккө учурашын байкаган Downdetector.com  веб-сайтынын билдирүүсүндө, Facebook колдонуучулары таңкы саат 06:30дан тартып бул соцтармакты колдоно албай жатышат.

Атап айтканда, бул соцтармактарга кирүү Европа, АКШнын түндүк-чыгышы жана Филиппинде байкалган.

Азырынча эмне себептен аталган соцтармактардын иши үзгүлтүккө учурагандыгы тактала элек.

Facebookтун бүткүл дүйнө жүзү боюнча 1 млрд. 520 млн. туруктуу колдонуучулары бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз