Пятница, 22 ноября

КЭДР жетекчиси апрелдин аягына чейин Россияга барат

0

Россия-КЭДР саммити  Владивостокто өтүшү мүмкүн.

Түндүк Кореянын жетекчиси  Ким Чен Ындын Россияга визити келерки жумада болушу мүмкүн экендигин  ТАСС билдирди.

«Ким Чен Ындын апрелдин аягында Россияга бара тургандыгы тууралуу имиштер чындыкка жакын. Россия-КНДР саммити сыягы Владивостокто өтөт», — деп айтылат маалыматта.

Россиянын президенти Владимир Путин 26-27-апрелде «Бир кур – бир жол» форумуна катышат.Путин жана Ким Чен Ындын жолугушуусу форумга чейин же андан кийин бир аралыкта болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз