Пятница, 17 мая

Видео. Хорогдогу тополоң Рахмондун бийлигин оодарабы?

0

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору болуп эсептелген Хорог шаарындагы нааразычылктар уланууда. Кечээки нааразылык акциясында киши өмүрү кыйылганы белгилүү болду. Жергиликтүү маалымат булактары 1992-жылы туулган Замир Назаршоев аттуу жаран кагылышууда каза тапканын жазып чыгышты. Тажик бийлиги Хорогдо болуп жаткан окуялар тууралуу азыркыга чейин расмий маалымат бере элек.

Муну менен катар социалдык түйүндөрдө Хорогду көздөй аскерий техникалардын кетип бара жатканын көрсөткөн видеолор тарап жатат.

14-майда Хорог шаарынын жүздөгөн тургундары митингге чыгып, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботанын жана шаардын мэри Ризо Назарзоданын отставкага кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Окуя болгон учурда ЖККУнун жыйынына катышуу үчүн Москвада жүргөн Эмамоли Рахмондун Душанбеге кайтып келип келбегени тууралуу азырынча так маалымат жок. Айрым эксперттер Хорогдогу окуялар күчөп кетсе, эл Рахмондун кызматтан кетишин талап кылышы мүмкүн экенин айтышууда. Муну менен катар нааразычылык акцияларынын Тажикистандын башка аймактарына да тарашы, Рахмондун бийлигинин кооптонуусуна жол ачат деп болжолдошууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз