Воскресенье, 19 мая

Видео. Бүктөлгөн “Фит”. Бишкектеги кырсыкта 11 адам жабыркады

0

Бишкектеги ири жол кырсыгында жабыркагандардын саны 11 адамга жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, кечээ саат 16:20лар чамасында Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде үч унаа кагылышкан, “DАF” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа, “Honda Fit” жана “Mercedes-Benz Sprinter” жүргүнчү ташуучу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Учурда кырсыктан жабыркагандардын саны11ге жетти.

Окуя катталган жерге Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар “Honda Fit” үлгүсүндөгү унаанын ичинде кыпчылып калган аялды чыгарышкан жана жабыркаган жарандарга биринчи тез жардам көрсөтүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

https://youtube.com/shorts/9VTtpHt3sqE

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз