Воскресенье, 19 мая

Эрдоган: Швеция менен Финляндиянын НАТОго кирүүсүнө «ооба» дей албайбыз

0

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкара Финляндия менен Швециянын НАТОнун курамына киришине макул боло албай турганын айтты. Бул тууралуу Anadolu жергиликтүү басылмасы жазды.

«Биз «ооба» дей албайбыз. Анда НАТО коопсуздук уюму болуудан калып, террорчулардын өкүлдөрү чогулган жайга айланат. Таарынышпасын, бирок макул боло албайбыз», — деди Эрдоган.

Ал Түркия кетирген катачылыгын улам кайталай бербей турганын белгилеген.

«Буга чейин Греция НАТОдон чыгып, кайра кирди. Эми мен элиме суроо узатып жатам: башка мамлекеттер Грецияга колдоо көрсөтүп жатабы? Көрсөтүп жатат. База түзүп жатышабы? Түзүп жатышат. Биз кантип аларга ишенебиз. Швеция — террорчулуктун очогу, парламентинде Күрдстан жумушчу партиясынын (Түркияда тыюу салынган) террорчулары отурат. Кантип ишенебиз?» — деди президент.

Эрдоган: «Финляндия менен Швециянын делегациялары Түркияга келгени жатышат, бирок бул нерсе Анкаранын оюн өзгөртө албайт»-деди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз