Понедельник, 6 мая

Жапаров Араб Эмирлигине учуп кетти

0

Президент Садыр Жапаров Москвадан түз эле Абу-Даби шаарына БАЭнин мурдагы президенти Шейх Халиф ибн Заид Аль Нахайяндын каза болгондугуна байланыштуу аза күтүү иш-чараларына катышуу үчүн учуп кетти. Бул туурасында анын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жапаров андан эки күн мурда ЖККУга мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн Москвага барган.

Эске салсак, БАЭнин мурдагы мамлекет башчысы узакка созулган оорудан улам 13-майда 74 жашында каза болгон. Ал Бириккен Араб Эмирлигин 2004-жылдан бери башкарып келген.

Бириккен Араб Эмирлигинин жаңы президенти болуп борбор калаа Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы Мухаммед ибн Заид Аль Нахайян шайланган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз