Воскресенье, 19 мая

Мамлекеттик сынактын датасы белгилүү болду

0

Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик экзамен 11-июнда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин “2021-2022-окуу жылында КРнын негизги жалпы, орто жалпы билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүү жөнүндө” буйругуна ылайык, бардык типтеги жана менчик түрүндɵгү жалпы билим берүү уюмдарында сабактар 2022-жылдын 8-июнунда аяктайт.

Белгилүү болгондой, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация окутуу кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын IX класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 11-июндан 22-июнга чейин, XI класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 11-июндан 23-июнга чейин өткөрүлүүгө тийиш.

Жалпы билим берүү уюму өзү белгилеген күнү — окуучулардын тандоосу боюнча сабактан, сабактар тереңдетип окутулган мектеп-лицейлер, мектеп-гимназиялар, окуу-тарбиялык комплекстер, эксперименттик аянтчасы бар мектептер үчүн темаларды, бөлүмдөрдү эске алуу менен бир (эки) профилдик сабак.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз