Пятница, 19 апреля

Бейшеналиев: “Реформаларымын айынан мага чабуул башталды”

0

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эгерде кыргыз эли кет деген учурда жумушунан кете тургандыгын билдирди.

Министр учурда “чоң миссия” менен Германияда жүргөндүгүн, жумуш сапары аяктары менен өлкөгө кайта турганын айтты.

“Мен медицинада батыраак реформа кылуу үчүн дагы да катуу иштей баштайм. Анткени мага бут тоскусу келген ниети бузук кишилердин бар экенин буга чейин айтып келгемин. Мен 300дөн ашуун клиникаларды жабууга буйрук бердим. Мына анын жообу келе баштады”- дейт министр.

Бейшеналиевдин айтуусунда эгерде ага иштөө мүмкүнчүлүгү берилсе, орун басарларын жумуштан кетирет.

“Алар компетенттүү эмес. Мен аларды мурда эле кетирейин дегемин. Журналист кантип медицина тармагында иштей алат? Ал эми санитардык врач дарылоо бөлүмүн кантип жетектейт? Мен аларды кетирем. Кантип мен саткындар менен иштеше алам?”-деди министр.

Ошондой эле ал эл гана иштөөсүнө тоскоол боло ала турганын кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз