Пятница, 26 апреля

“Ош” аба майданындагы суу каптоону жумушчу комиссия иликтейт

0

“Манас” эл аралык аэропорту “Ош” аба майданынын шыбы эмне себептен урап түшкөнүн жумушчу комиссия иликтеп чыгарын билдирди.

Маалыматка караганда, 18-майда катуу шамал менен коштолгон нөшөрлөп жааган жаандан улам «Ош» эл аралык аэропортунун күтүү залынын щыбынан суу агып, анын кесепетинен имараттын шыбы урап түшкөн. Ал учурда күтүү залында бир топ киши болгон. Абал 18-майда жөнгө салынган.

“Ош” эл аралык аба майданы Кыргызстандагы экинчи чоң аэропорт, анын имараты 1974-жылы курулган. Ал эми шыбы түшкөн кошумча имарат мындан беш жыл мурун 78 миллион сом коротулуп жаңы курулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз