Суббота, 20 апреля

Ажылык сапарга барчулар июнда жөнөшөт

0

Кыргызстанда ажылык сапарга барчуларды каттоо 11-майда жыйынтыкталып, бардык квота берилди. Бул туууралуу муфтият маалымдады.

Маалыматка ылайык, ажылыкка барчулардын биринчи тобу 15 же 16-июнда Сауд Арабиясына учат.

Кыргызстанда ажылык сапарды күтүп кезекте тургандардын саны 6000 киши. Алардын ичинен 1700дөй киши акчасын төлөгөн. Ал эми толбой калган 900дөй орунду кезекте турбаган адамдар алган.

Быйыл Кыргызстандын жарандарына ажылыкка барууга 2766 квота бөлүнгөн. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Сауд Арабиясы 2020-жылы ажылык зыяратты убактылуу токтоткондон бери кыргызстандыктар ага бара элек болчу. Ал жылы Кыргызстанга 6110 квота бөлүнгөн, сапардын баасы 3350 доллар эле. Быйыл ажылык сапардын акысы 4500 доллар деп бекитилди.

Сауд Арабиясынын талабы боюнча, быйыл ажылыкка барчулардын жашы 65 жаштан жогору болбошу керек жана ПЧР тестинин терс жыйынтыгын көрсөтүп, коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүсү шарт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз