Суббота, 20 апреля

Акыркы коңгуроого акча чогултууга тыюу салынды

0

Акыркы коңгуроо салтанатына байланыштуу окуучулардан жана алардын ата-энелеринен акча чогултууга катуу тыюу салынат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги эскертүү иретинде билдирүү таратты.

Ошону менен катар бул күнү мектептин айланасында ачык күйүүчү, пиротехникалык жана башка травматикалык заттарды колдонууга уруксат бербейт. Окуучулар жана алардын ата-энелери Акыркы коңгуроодо коопсуздук эрежелерин сактоонун жол-жобосу менен таанышуусу кажет.

Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте окуучулардын өздүк коопсуздугун камсыздоодо ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тийиштиги айтылды.

Быйыл Акыркы коңгуроо салтанаты Кыргызстандын мектептеринде 9-июнда өткөрүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз