Среда, 24 апреля

Түркиядан үй сатып алган орустардын саны өстү

0

Түркия статистика мекемесинин (ТҮИК) маалыматына караганда, Түркияда апрель айында үй сатуу өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 38,8 пайызга өстү. Сатылган үйлөрдүн жалпы саны 133 миңди ашты.

Чет элдиктерге турак жай сатуу болсо, апрель айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 58,1 пайызга өсүп 6 миң 447ге жетти.

Чет элдиктерге үй сатууда Стамбул шаары 2 миң 564 үй сатуу менен биринчи орунду алды. Стамбулдан кийин Антальяда 1970 үй, Анкарада 333 үй сатылган.

Январь-апрель мезгилинде чет өлкөлүктөргө үй сатуу өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 48,9 пайызга өсүп 20 миң 791 болду.

Эң көп үй Орусия Федерациясынын жарандарына сатылган. Апрель айында Орусия Федерациясынын жарандары Түркиядан 1152 үй сатып алышкан. Орусия Федерациясынын жарандарынан артынан Иран ислам республикасыннын жарандары 905 турак үй, Ирактын жарандары 714 турак үй сатып алышкан.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз