Пятница, 17 мая

Тажиктер менен талиптер согушабы?

0

Тажикстан менен өткөн жылы Афганистанда бийликке келген талиптердин ортосундагы мамиле күндөн күнгө начарлап баратат. Өзгөчө эки жумадан бери чек арадагы абалдын курчуганы байкалууда. Талиптер Тажикстан менен чек арасын жаап, тажиктердин Ооганстанга товар ташыган жүк машинелерин кармап турат.

Талиптер менен Тажикстан былтыртан бери эле тил табыша албай келишет. Расмий Душанбе талиптер бийликке келгенин жактырган эмес жана алар аймактагы туруктуулукка коркунуч жаратышы мүмкүн деп кооптонууда.Ал эми талиптер болсо, өздөрүнө оппозиция болгон топтор Тажикстандан башпаанек тапканын, тажик бийлиги талиптерге каршы күчтөрдү колдоп жатканын айтышууда.

Өткөн аптада Афганистан менен Тажикстандын чек арасында ок атышуу болгонун эске алганда, абал оор экени байкалат. Муну менен катар талиптер Борбор Азияга туташ чек арасын бойлото төрт жүз миӊ аскерин жайгаштыганы маалым. Бул болсо, чоң күч жана кандайдыр бир козутуу болгон учурда бул аскерлер Тажикстанга басып кирбейт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Тажикстанга эң чоң колдоо көрсөткөн Орусиянын Украинадагы согуш менен алек болуп жатканынан пайдаланып талиптер, Тажикстан менен маселесин курал-жарак менен чечүүгө аракет кылышы толук мүмкүн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз