Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, өлкөсүнө каршы киргизилген санкциялар дүйнөлүк азык-түлүк кризисине алып келгенин айтып, «Орусия дайыма ишенимдүү дан экспорттоочусу болуп келген», — деди.
Песков «Биз көйгөйдүн булагы эмеспиз. Дүйнөдө ачарчылыкты жаратып жаткан маселенин булагы бизге санкция киргизгендер жана санкциялардын өздөрү»,-деп айтты.