Пятница, 22 ноября

Видео. Түркия «Yörük 4X4» брондолгон согуштук унаасын сата баштады

0

Түрк коргонуу өнөр жайында иштелип чыккан «Yörük 4X4» брондолгон согуштук унаасына кызыккан мамлекеттердин саны өсүүдө. Унаа түркиялык Nurol Makina ve San. A.Ş. тарабынан жасалган. Унаа 2017-жылы Эл аралык коргонуу өнөр жай жарманкесинде биринчи жолу «өз классында жаңы доорду ачат» деген ураан менен таанытылган. «Yörük 4X4» брондолгон согуштук унаасын иштеп чыгуу, сыноо жана өндүрүшкө даярдоо иш-чаралары учурунда көптөгөн өлкөлөрдөн суроо-талаптар алынды.

«Yörük 4X4» унаасы, салмагы 10 тонна болсо да, саатына 140 километрге чейин ылдамдыкка жете алат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз