Воскресенье, 29 сентября

Видео. Түркияда улуттук ашкананын жумалыгы өтүүдө

0

Түркияда улуттук ашкананын жумалыгы өткөрүлүүдө. Түрк ашканасынын өзгөчөлүктөрүн, оригиналдуулугун, креативдүүлүгүн, ден-соолукка пайдалуулугун көрсөтүүнү, танытууну көздөгөн гастрономиялык жумалык 21-майда башталган. Иш-чара бир жума уланат. Аталган жумалыкта белгилүү ашпоздор менюлары менен тааныштырып, өз колу менен тамактарын жасап берип, келгендерге даам сыздырат.

Жумалыкта дүйнөнүн булуң-бурчунан келген конокторго тажрыйбалуу түрк ашпозчулар өз колдору менен жасаган тамактарынан даам сыздырат. Ошондой эле ашпоздор тамак жасоо ыкмаларын, алардын ден-соолукка пайдасы тууралуу кеңири айтып беришет.  Иш-чара үчүн атайын менюлар жасалган. Кылымдык тарыхы бар, маданий мурасты чагылдырган тамак-аштар даярдалып, ири ресторондарда конокторго тартууланат.

Миңдеген жылдардан бери түрдүү цивилизациялардын ордосу болуп келаткан Түркиянын Газиантеп, Хатай жана Афёнкарахисар шаарлары гастрономия боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, Илим жана Маданият боюнча мекемесинин (ЮНEСКО) Креативдүү шаарлар бирикмесине (Creative Cities Network) киргизилген.

Түркия түрк ашканасын дүйнөгө таанытуу үчүн атайын онлайн гид turkishcuisineeeek.com сайтын иштеп чыкты. Гастрономиялык онлайн платформага оригиналдуу рецептер, мыкты ашпоздор жана алардын тамак жасаган видеолору, академик жана диетологдордун кеп-кеңештеринен турган макалалар жүктөлгөн. Turkishcuisinweek.com түрк жана англис тилдеринде иш алып барат. Аталган сайтка бүгүнкү күнгө чейин да бир топ маданий, куланириялык маалыматтар жарыяланып, кеңири аудиторияга түрк ашканасын таанытып келе жатат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз