Воскресенье, 29 сентября

Атамбаевдин абалы оорбу?

0

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев кардиологиялык борборго жеткирилди.

Маалыматка ылайык, Атамбаев кардиологиялык борборго Саламаттык сактоо министрлигинин уруксаты менен алып келинди.

“Мурдагы президентти медициналык мекемеге алып баруу үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин көрсөтмөсүн күтүп жатканбыз. Ал келери менен кардиологиялык борборго алып бардык”, — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Буга чейин мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев Атамбаевди кардиологиялык борборго текшерүүгө жөнөтүү үчүн сотка кайрылып, сот адвокаттын талабын канааттандырган.

Ага чейинки сот отурумдарында ал ден соолугуна байланыштуу катыша албастыгын айтып, чыр чыгарган.

Бир нече оор беренелерге айыпталып, абакта отурган мурдагы президентке сот отурумдары болуп жаткан учурда бир нече жолу «Тез жардам» чакыртылган. Жакындары жана адвокаттар Атамбаев ооруканада жатып, дарыланышы керектиги тууралуу дарыгерлердин сунушу бар экенин билдиришкен.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз