Суббота, 4 мая

АКШ доллары дагы кымбаттады

0

Кыргызстандагы акча алмаштыруучу жайларда АКШ долларынын курсу кайра өсө баштады. Бүгүн 1 АКШ доллары 83-84 сомдон сатылууда. Улуттук банк 27-апрелге карата доллардын курсун 79,50 менен бекиткен.

Мындан бир жума мурда АКШ доллары акыркы эки жылда биринчи жолу 80 сомдон ылдый түшкөн.

Дээрлик эки жылдай 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар 24-февралда башталган Орусия-Украина согушунун айынан 106 сомго жеткен болчу.

Айрым эксперттер доллардын Кыргызстандагы азыркы баасы чыныгы баа эмес экенин айтышса, депутат Жанарбек Акаев доллар сыртка ташылып жатат деген пикирин билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз