Суббота, 18 мая

Түрк элчилиги илим жана технология көргөзмөсүн уюштурду

0

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен Бишкекте илим жана технология көргөзмөсүн уюштурулду. Бул тууралуу Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги маалымдады.

Маалыматта, Элчиликтин Билим берүү кеңешчилигине караштуу Бишкектеги түрк башталгыч мектеби, Республикалык Кыргыз-Түрк Анадолу лицейи жана Кыргыз-Түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейинин окуучулары тарабынан даярдалган илим жана технология көргөзмөсү Жал кичи районундагы Чынгыз Айтматов кампусунда болуп өттү.

Көргөзмөдө математика, физики, химия, биология, информатика жана англис тили сабактарынан окуучулар даярдаган илимий долбоорлор көрсөтүлдү.

Илим жана технология көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышкан Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган, алгач ирет уюштурулуп жаткан бул көргөзмөнүн канчалык мааниге ээ экендигин баса белгилөө менен, Түркия Республикасынын ушул сыяктуу иш чараларга колдоо көрсөтүүнү улантаарын айтып өтүү.

Аталган көргөзмөнүн кадырлуу коноктору арасында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрилигинин өкүлдөрү, Бишкек шаарындагы мектеп окуучулары, жогорку окуу жайлардын ректорлору жана Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова орун алды.

Көргөзмөнүн ачылыш аземинде белгилүү ырчы Гүлзада Рыскулованын чакан концерти окуучуларга дем берди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз