Кыргызгидромет борборунун маалымдашынча, 29-майда Кыргызстандын дээрлик бардык облустарында жаан болот.
Бийик тоолорго кар түшөт. Айрым аймактарда сел кетет. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22,
Талас облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20,
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26,
Нарын облусунун дыйканчылык зоналарында түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5°.
Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 18…20 градус жылуу болот.