Вторник, 7 мая

Эрдоган: АКШ Сириядагы террористтерге курал жарак берүүдө

0

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган, Сириянын түндүгүндөгү террористтерге каршы атайын операция даярдалып жатканын дагы бир жолу кайталады. Ал «бир түнү биз алардын так төбөсүнөн түшөбүз, түшүшүбүз керек», — деди.

Эрдоган Сириянын түндүгүнөн Түркияга жасалган кыпындай коркунуч жана кол салууну жоопсуз калтыруу мүмкүн эмес экенин билдирип «Сириянын түндүгүндө террордук уюмдардын лагерлери бар. Бул лагерлер Сириянын түндүк-чыгышынан түндүк-батышына чейинки бардык аймактарда бар. Бардык коалиция күчтөрү, өзгөчө Америка Кошмо Штаттары (АКШ), тилекке каршы, олуттуу түрдө бул террордук уюмдарды курал-жарак, ок-дары, шаймандар жана жабдуулар менен камсыз кылып жардам берүүдө жана азыр да жардамын улантууда”- деп айтты.

Түркиянын президенти “АКШ бул жакка миңдеген жүк ташуучу унаалар менен жардамдарды берди. Ал кимге берип жатат? ПКК, ЙПГ, ПЙД террордук уюмдарына. Алардын баарына бул жардамдар берилди, азыр да уланууда. Жада калса аймакта алар үчүн машыгуу өткөрүшүүдө. Эми бул фактылар көзгө урунуп турганда, биз дагы эле аларга көңүл бурбай карап турабызбы? Түндүк Иракта ПККга жана күчүктөрүнө каршы операцияларыбыз кандай болсо, Сирия үчүн да ошол эле абал алда канча туура жана андан да маанилүү», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз