Вторник, 23 апреля

Жапаров 492 адамга жарандык берди

0

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгаруу боюнча жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жарлыктарга ылайык, 492 киши (анын ичинен 382си чоңдор, 110у балдар) Кыргызстандын жарандыгын алган. Алардын көбү этникалык кыргыздар экени айтылды. Мындан сырткары, 141 адам кыргыз жарандыгынан чыккан. Анын 115и чоңдор болсо, 26сы балдар.

Жарандык алгандардын жана андан чыккандардын тизмесин президенттин сайтынан табууга болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз