Вторник, 7 мая

Бишкекте балдардын «Наристе» фольклордук фестивалы өтөт

0

30-майдан 8-июнга чейин Бишкекте “Наристе” II Эл аралык балдардын фольклордук фестивалы өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Кеңири масштабдагы иш-чарага Россия, Казакстан, Монголиядан келген өкүлдөр, ошондой эле Кыргызстандын 7 облусунан балдар фольклордук топтору катышат.

Фестивалдын негизги максаты – Кыргызстандын салттуу элдик маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле башка өлкөлөрдүн элдик искусствосу менен тааныштыруу.

Иш-чаранын алкагында биздин республиканын жана чакырылган өлкөлөрдүн ар кандай балдар фольклордук бий жана аспаптык ансамблдеринин өнөрлөрү тартууланат.

«Мастер-класстар, ачык асман астындагы ачык сабактары уюштурулат, ар кандай чыгармачылык жолугушуулар жана кечелер, илимий-практикалык конференциялар, элдик прикладдык искусствонун көргөзмөлөрү, маданият жана прикладдык искусство тармагындагы инновациялык долбоорлордун бет ачары, шаардын тарыхый-маданий жерлерине экскурсиялар, Ысык-Көл жана анын тарыхый объектилери менен таанышуу пландаштырылууда», — деп баса белгилешти муниципалитеттен.

31-майда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын чоң залында өтүчүү расмий ачылышында Казакстан, Монголия, Россия, Алтай, Тувадан келген командалардын оюну тартууланат жана Кыргызстандын командалары өздөрүн кеңири тааныштырышат.

Маалымдама: 2018-жылы 25-апрелден 2-майга чейин Бишкек шаарында Кыргызстандын борбор калаасынын негизделгенинин 140 жылдыгын майрамдоого карата биринчи Эл аралык “Наристе” балдардын фольклордук фестивалы өткөн. Ага 6 өлкөнүн, CIOFFке мүчө болгон Венгрия, Индия, Италия, Казакстан, Россия жана Түркиянын өкүлдөрү жана Эл аралык Дельфий жана Парадельфий оюндарынын жеңүүчүлөрү катышкан. Бул фестиваль азыртадан эле Кыргызстандын өзгөчөлүгүнө айланып, биздин чыгармачыл коллективдердин ортосундагы кызматташтыктын географиясын бир топ кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз