Суббота, 27 апреля

Путин Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрдү

0

Кечээ, 30-майда Орусиянын президенти  Владимир Путин өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, анда Орусиянын тышкы саясат маселелери жана коопсуздукту камсыз кылуу талкууланды.

«Биз бири-бири менен байланышкан бир нече маселелерди талкуулайбыз. Коопсуздук кеңешинин туруктуу кеңешинин мүчөлөрү менен бүгүнкү жыйындын алкагында эки маанилүү  — Орусиянын тышкы саясат маселелери жана коопсуздугун камсыз кылууга байланышкан жагдайлар тууралуу айтып жатам», — деди мамлекет башчысы дүйшөмбү күнү видеоконференция режиминде өткөн жыйынды ачып жатып.

Тиешелүү докладды алгач Орусиянын тышкы иштер министрлигинин жетекчиси Сергей Лавров жасады. Жыйынга ошондой эле  премьер-министр Михаил Мишустин, Мамлекеттик думанын төрагасы  Вячеслав Володин, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев, президенттин администрациясынын жетекчиси  Антон Вайно, Коопсуздук кеңешинин катчысы  Николай Патрушев, тышкы иштер министри  Владимир Колокольцев, коргоо министри Сергей Шойгу, президенттин табиятты коргоо, экология жана транспорт маселелери боюнча атайын өкүлү  Сергей Ивановдор катышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз