Суббота, 4 мая

Дача-СУ кырсыгынын “сыры” ачылабы?

0

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2017-жылы 16-январда Бишкектин четиндеги «Манас» аэропортуна жакын жердеги Дача-Су айылына таңга жуук кулап, 39 адамдын өмүрүн, анын ичинде төрт чет элдик учкучтун өмүрүн алган  жүк ташуучу Boeing 747 учагы кулашы боюнча кылмыш иши кайра жандангандыгын билдирди.

Ал мындай маалыматты депутат Таабалды Тиллаевдин: «Андагы жүк кимдики же аткезчилик жол менен келгенби?» – деген суроосуна жооп берип жатып айтты.

«Азыр тергөө болуп жатат, калганын ошонун жыйынтыгы менен айталы. Бардык кылмыш иши тергелип жатканда купуя сыры болот. Кандай гана кылмыш иши болбосун мен өз пикиримди айтсам, тергөөчү «башкы прокурор айтып жатат» деп аны желек катары көтөрүп алышы мүмкүн», — деди башпрокурор.

Жамшитов депутаттын суроосуна жооп берип жатып, авиакырсык боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш ишин козгоодон баш тартылганын айтып, бирок ал чечимди Башкы прокуратура жокко чыгарып, кылмыш ишин тергөө жанданганын кошумчалады.

Депутат андан ары  «Кыргызстандын жарандарынын ошол жүккө тиешеси барбы, ачык айта аласыңарбы?»,- деп дагы бир суроо берди.

Жамшитов болсо бүгүнкү күндө кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганын гана билдирип, бул суроого туюк-табышмактуу жооп кайтарды.

 «2019-жылдын 14-январында ИИМдин токтому жокко чыгарылып, сотко чейинки өндүрүш иши болуп жатат. «Боинг-747» учагы Гонконг-Стамбул боюнча багыт алып, «Манас» эл аралык аэропортунан май куюу максатында техникалык конуш үчүн кайрылып келген. Кырсык ошондо болуп жатат. Бүгүнкү күндө иш жандандырылып, ИИМ тергөө иштерин жүргүзүп жатат», — деди Ө. Жамшитов депутаттардын бул маселе боюнча суроосуна жооп берип жатып.

Эгер эсиңиздерде болсо, Кыргызстандын тарыхындагы кылымдар боюу унутулбай кала турган бул каргашалуу авиакырсык болгон учурда ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев жубайы менен Кытайга иш сапар менен барып, кайтып келген болчу. Бирок аба ырайына байланыштуу “Манас” аэропортуна конууга мүмкүн болбогондуктан, президенттин учагы “Тамчы” аэропортуна конгон. Бир чети ушул жагдайдан улам, экинчиден 39 адамды, айрым үй-бүлө мүчөлөрүн бүтүндөй басып калып, сөөгү да табылбай калган, жаш балдар уйкудан ойгоно элек таңкы үрүл-бүрүлдөгү бул апаат болгон айылга мамлекет башчы катары бир барып койбогондугу үчүн бүтүндөй элдин кыжыры келип, жүк А. Атамбаевге тиешелүү деген имиштер чыгып кеткен.

Албетте, кийин, сыягы, коомчулуктун нааразычылыгынан улам болсо керек, Дача-СУ кырсыгынын шейиттеринин кыркылыгы өткөн соң А. Атамбаев кыргыз элинин ата-бабасынын каада-салтында жок ырымды жасап, каза болгондордун жакындарын Ала-Арча резиденциясына чакырып, көңүл айтымыш болду. Бирок анын бул аракетине майнап чыккан жок же элдин жек көрүү сезимин кетире алган жок.

Канткен менен жаманчылыкта элибиз бир муштумга биригип, Россия, Казакстан жана башка чет мамлекеттердеги мигрант мекендештер атайын ачылган эсепке бир нече миллион сом топтолуп, ал каражат өкмөттүк комиссия тарабынан жабыркагандарга бөлүнүп берилди.

Кырсык болор замат ал жерге милиция менен куткаруучулардан мурда жетип барган журналисттер кулаган учактан планшет, ноутбук жана башка буюмдар чачылып жаткандыгына күбө болушкан. Демек, эл арасында кайрадан эле “Гонконгдон Стамбулга учкан учак эмнеге Бишкекке конгон, анда кимдир-бирөөгө… тиешеси бар баалуу жүк жок беле?”,- деген суроого так жооп берилбегендиктен, жоромолдор айтыла баштаган.

Дагы бир белгилей кете турган жагдай, ал кездеги тиешелүү жетекчилер кырсык тууралуу каргашалуу кабарды угушар менен эле Дача-СУга жетип барышып, ал жерди курчоого алуу иштерин көзөмөлдөп турушкан. Эмне, аларга жогор жактан команда болгонбу?…

Бирок кийин, бийликтен кетип жатып журналисттер менен жолуккан жыйындардын биринде А. Атамбаев Дача-СУ боюнча эл арасында айтылган “ушактардан” улам жубайы Раиса алты ай капельница алып, төшөктө жаткандыгын айткан болчу.

Албетте, чындык капка катылган учурда, анын ордун ар кандай имиш, божомол-дөдөмөл кептер толтурат. Андыктан коомчулукта Дача-СУ кырсыгы боюнча бийлик тарабынан жаап-жашыруу аракети болуп жаткандай пикир жаралган. Мындай пикир айтууга бир чети жогорудагы башпрокурор Ө. Жамшитовдун ИИМ ишти токтотуп койгондугу тууралуу айтканы да себеп болууда. Эмне үчүн ички иштер министрлиги 39 адамдын өлүмүнө кайдыгер карап, алардын артындагы жакындары менен бүтүндөй кыргыз элин каратып туруп, ишти жаап койгон?!

Эгер Башкы прокуратура Дача-СУ кырсыгы боюнча иликтөө ишин кайра жандандырып, ал жүк кимге тиешелүү экендигин аныктаса, анда элдин азыркы бийликке болгон ишеними гана жаралбастан, тарыхыбыздагы кара так катары калчу каргашалуу окуянын да “сыры” ачылмак…

А. Белеков.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз