Суббота, 18 мая

Сейрек кездешкен Айгүл гүлү гүлдөдү

0

Жыл сайын апрель айында дүйнө жүзүндө сейрек кездешкен Айгүл гүлү гүлдөйт. Аны көрүү үчүн бир гана Кыргызстандан  эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунан туристтер келишет. Айгүл гүлү – Кыргызстандын Баткен районунда гана өсөт.

 

Бул табышмактуу гүлдүн ачылышы майрам катары белгиленет. Дүйнө жүзүндө эки жерде өссө, анын бири Кыргызстандын Баткен тоолорунда. Сейрек кездешүүчү гүлдүн илимий аталышы – рябчик-эдуардо. Анын башка гүлдөрдөн өзгөчөлүгү – ченемсиз кооздугу жана тоонун тескей жагында өскөндүгүндө. Узундугу бир метрге жетип, узун ичке жалбырактары бүтүндөй сабагы боюнча каптап турат. Коңгуроолуу гүлдөрү кызгылт сары түстө.

Айгүл гүлү – уругунан жети жылда өнүп чыгат да жети жылдан кийин алгачкы гүлүн ачат. Ар бир жылда бирден коңгуроо гүлү кошулуп олтурат. Канча коңгуроосу болсо, гүлгө канча жыл болгонун аныктаса болот. Адистердин айтуусунда, сабактарында 34 коңгуроосу бар гүл да кездешкен. Демек, ушунча жылдан бери ал өсүп, гүлүн ачып келатат.

Айгүл гүлүнө байланыштуу жергиликтүү эл оозунда мындай уламыш айтылып келет. Илгери Баткен аймагы гүлдөп, эл бактылуу турмушту башынан кечирип турган. Ай чырайлуу сулуу Айгүл аттуу кыз айылдын атагын алыска чыгарган. Көптөгөн баатырлар ал кызга жетүүнү самаган. Бирок сулуунун өзү тандап сүйгөн жигити болгон. Айгүлдүн сүйгөнү Козулан аттуу жигит даңкы далайга кеткен эр жүрөк баатыр болгон. Заман тынч эмес болуп, чет жактан басып кирген душмандардан туулган жерди коргоп туруу үчүн салгылашуулар болуп турган. Ошондой бир элин, жерин коргогон согушка Козулан баатыр өз жигиттери менен аттанып кетет. Айылда жалаң кыз-келиндер, кары кемпир-чалдар калып, казатка кеткендердин аман-эсен келишин тилеп, күтүп калышат.

Айгүл дайыма жигитин күтүп, айылга жакын жерде тоого чыгып жол карап турчу экен. Согуштан келсе эки жаштын тоюн өткөрөбүз деп айыл ичи камылга көрүп жатканда, жаман кабар келет. Козулан баатыр согушта баатырларча курман болгондугун Айгүлгө угузушат. Сүйгөнүнөн айрылган Айгүл чыдап тура албастан, тоонун эң бийик жерине чыгып, аскадан боюн таштап жиберет. Анын каны чачыраган жерлерге кийинки жылы гүл өсүп чыгат. Жергиликтүү эл аны кыздын атына Айгүл гүлү деп аташат.

Ал жерде эки тоо бар, анын бирөөсүн Айгүл тоосу, маңдайдагы экинчи тоону Козулан тоосу деп атап коюшкан. Ал жерде Козулан баатырдын жүрөгү көмүлгөн дешет. Сүйүүсүнө жетпей калган эки жаштын тоосу бири-бирине жакын, бирок армандуу махабатын элестеткен сыяктуу бири-бирине жетпей турат. Түнкүсүн Айгүл тоосуна чыгып, Айгүл менен Козулан баатырдын жолугушкан учурун көргөндөр болгон имиш. Мүмкүн бул уламыштын чындыгы бардыр, себеби Айгүл гүлү ай чыкканда, түнкүсүн гана гүл ачат.

Айгүл гүлү сейрек кездешкендиктен, 1978-жылы СССРдин “Кызыл китебине” киргизилип, корукка алынган. Илимий изилдөөлөрдүн натыйжасында бул гүлдү Баткенден сырткары Ооганстандын тоолорунан кезиктирүүгө болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз