Пятница, 3 мая

“Манас” университетинде ФЕТО тууралуу семинар өттү

0

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Фетхуллахчы террор уюму. Параллелдүү мамлекеттик түзүм” аттуу семинар өттү. Аталган семинар Түркиянын Тышкы жана Ички иштер министрликтеринин колдоосу менен бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчилиги уюштурган.

Элчи Ахмет Садык Догансеминарда бул иш-чараны Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөрүүгө каршы чыккандар тууралуу сөз козгогон.

“Кээ бир сабатсыз саткындар бул семинардын өтүп жатканына нааразы болуп, ата-бабаларынын ардактуу атын алып жүргөн университеттин лицензиясын жокко чыгарууну талап кылышты. Мына ушул — «ФЕТО». Адамды алгач энесине, атасына, анан жубайына, досуна, ата-бабасына, акырында элине, мамлекетине душман болууга жеткирет, өткөнүн унутууга мажбурлайт. Бул наадандар маңкуртка айланып, 30 жылдан бери улуу түрк элинин Кыргызстанды колдоп келгенин унутуп коюшту”.

Элчи Фетхуллах Гүлендин тарапташтарына катаал чаралар көрүлөрүн эскерткен. Анын айтымында, Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемелеринин дипломдору Түркияда жараксыз деп табылат, лицейдин администрациясына укуктук чара көрүлөт жана «ФЕТОну» колдогон айрым адамдарга  Түркияга кирүүгө тыюу салынат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз