Пятница, 3 мая

Орусия аскердик машыгуу өткөрдү

0

Орусиянын Стратегиялык ракеталык күчтөр бөлүгү «Ярс» ракетасы  менен аскердик машыгуу өткөрдү.

Орусиянын коргоо министрлигинен берилген маалыматта Орусия стратегиялык ракета күчтөрүнө караштуу Тесково бөлүгүнүн Ивоново аймагында Ярс ракетасынын учуруу системаларынын согуштук күзөт багыттарында маневр жасагандыгы билдирилди.

Машыгууга 1000 аскер жана 100дөн ашуун техникалык унаанын катышкандыгы билдирилип : «Стратегиялык ракеталык бөлүктүн мүчөлөрү ракеталык системаларды талаа позицияларына жеткирүү, 100 километрге чейинки аралыкка жүрүш жасоо, ар кандай талаа позициялары менен бөлүктөрдү жайгаштыруу маселелерин чечүү, инженердик жабдууларды жайгаштыруу, камуфляжды уюштуруу жана согуштук  коопсуздукту камсыздоо маселелерин кароодо»,- деп айтылды.

Орусиянын стратегиялык ракеталык күчтөрү мүмкүн болгон агрессияны болтурбоо үчүн орус армиясынын стратегиялык өзөктүк күчтөрүнүн негизги компоненти катары кызмат кылат жана согушка дайыма даяр турган аскерлерден турат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз