Коңшу өлкө Казакстанда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өтүүдө.
Белгилей кетсек, референдум суперпрезиденттик башкаруудан баш тартуу максатында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн өткөрүлүп жатат.
Коңшу мамлекетте 10 012 шайлоо участогу уюштурулган. Президент Касым-Жомарт Токаевдин добуш бергени айтылды.
Референдумга КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) 57 байкоочусу көз салууда.