Суббота, 27 апреля

Чек арада жараат алган аскердин абалы оор

0

Баткенде чек арада жараат алган эки кыргызстандык аскердин биринин абалы оор бойдон калууда.

Белгилей кетсек, 3-июнда Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын Баткен районундагы Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөнүн, өз аймагына кетүү талабын аткарбай, ок чыгарышканын кыргыз тарап билдирген. Ок атышуу бир нече сааттан кийин токтогон.

Жараат алган эки чек арачы Бишкекке 4-июнда жеткирилген. 21 жаштагы жоокер башынан жараат алганы, мээси чайкалып, омуртка сөөгү сынганы, ал Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүнө жаткырылганы, ал эми 22 жаштагы жоокердин абалы оор экени, анын баш сөөгү, моюну, төш сөөгү, ийини, кежигеси, далысы октон жабыркаганы, мээси чайкалганы айтылган.

Тажик тарап окуя үчүн кыргыз чек арачыларын айыптап, алар жактан бир жоокер жараат алганын, анын абалы орточо оор экенин айтууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз