Суббота, 18 мая

А. Батукаевдин бошотулушу боюнча кылмыш иши жанданды

0

Мындай маалыматты  башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 17-апрелде Жогорку Кеңеште депутат Зарылбек Рысалиевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Башкы прокурор өзү жетектеген көзөмөл органынын өткөн жылы жасаган иштери тууралуу маалымат берип жатканда, депутат З. Рысалиев “… мен үч өтүнүч кылдым эле, ошолор кайсылар, эмне болду?”,- деп суроо узатканда Ө. Жамшитов “Алардын биринчиси Азиз Батукаев боюнча, Батукаевдин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Бул ишке байланыштуу Сиз мурда күбө катары чакырылгансыз, … тергөө тобу жакында Сизди күбө катары дагы чакырат…”,- деп жооп берди.

​Нарын шаардык соту 2013-жылы 9-апрелде Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча ишти шашылыш карап, чечим чыгарган. Ал Нарындан чыгып «Манас» аба майданынын VIP залынан чыгып, Чеченстандын Грозный шаарына жеке менчик учак менен учуп кеткен.

Былтыр Жогорку Кеңештин «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты, Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) мурдагы төрагасы Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевди Нарындагы абактан мөөнөтүнөн мурда, мыйзамсыз бошотуу фактысына байланыштуу 2013-жылы 18-июлда козголуп, бирок кийин токтотулган кылмыш ишин кайра жандандырууну талап кылган.

Эскерте кетсек, Азиз Батукаев 2006-жылдын 3-августунда Аламүдүн райондук соту тарабынан 16 жыл 8 айга кесилип, мүлкү конфискацияланган. 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда бошотулуп Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн Чечен Руспубликасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган.

Бирок “мыйзамдагы ууру”, Кыргызстандагы криминалдык төбөлдөрдүн анабашы катары белгилүү А. Батукаевдин Нарындагы абактан “чагылгандай тездик” менен соттун чечими аркылуу бошотулуп, ошол эле күнү кечке маал “Манас” аэропортунун кызыл килем салынган VIP залынан эч тоскоолдуксуз чыгып кетиши коомчулукта чоң ызы-чуу жараткан. Маселе Жогорку Кеңешке чейин жетип, А. Батукаевдин ак кан ооруусуна кабылгандыгы тууралуу медициналык тыянак чыгарган медиктер, эгер аны тез арада бошотпосо “өлүп калышы мүмкүн”,- деген түшүндүрмө берген ал кездеги Акыйкатчы Турсунбек Акунга чейинки чиновниктер парламенттин “кызыл килемине” чакырылып, “сурак беришкен”.

Ал тургай эл арасында  бул ишке ошол учурдагы президент А. Атамбаев өзү аралашкандыгы, “добро” бергендиги тууралуу божомолдор айтыла баштаган. Мындан тышкары А. Батукаевди бошотуу тууралуу көрсөтмө сырттан, өтө жогорку кызматтагы адамдар тарабынан кыргыз бийлигине берилгендиги да сөз болгон. Дагы бир божомолдорго ылайык, А. Батукаевди бошотуу үчүн ири суммада акча берилип, ар бир катыштыгы бар мамлекеттик органдардын кызматкерлери же жетекчилери өз “долясын” алгандыгы тууралуу да кептер жүргөн.

Кийин Жогорку Кеңеш тарабынан ишеним көрсөтүлбөй, Акыйкатчы Т. Акундун кызматтан кетишине да дал ушул Батукаевдин бошотулушу негизги себеп болду окшойт.

Алгач “Батукаев операциясы” тууралуу мамлекеттик чиновник кезинде “сырды” бекем сактап жүргөн менен, кызматынын (акыйкатчылык) кол жууп, Ак үйдүн колдоосунан ажыраган Турсунбек Акун адатынча агынан жарылып, маалымат жыйынында : “Ак үйдөн болгон чалууга өтө таасирленип кетип, эл алдына “Батукаев баланчанчы күнү өлөт” деп байкабай айтып алдым”,- деди акыйкатчы 2013-жылы  21-июнда айтып салган. Анын айтымында, кримавторитет Азиз Батукаев абактан бошотулуп кеткен күндүн эртеси ага Бусурманкул Табалдиев (УКМКнын ошол учурдагы төрагасы) чалган. Башкы чекист  “Батукаевдин бошотулушу тууралуу маалыматты биз берсек туура болбой калат го, журналисттерге интервью берип коюңузчу» деп суранган. Батукаевди бошотууга катыштыгы бар үч фигура бар, алардын бири — Табалдиев»,- деп түтөгөн болчу акыйкатчы. Дагы ирет Т. Акун эч кандай акча албагандыгын да айтып “арман кылган”.

Акча демекчи, А. Батукаев Нарын соту тарабынан “акталып” бошотулган соң, аны Бишкекке жеткенче үч ирет токтотушуп, кармоо аракети болгон. Бирок жогор жактын көрсөтмөсү менен үч ирет тең бошотулуп жиберилген. Ошондой эле куралдуу коштоо менен келген. Айрым маалыматтарга ылайык, А. Батукаевдин Нарындан Бишкекке эсен-аман жеткирилиши үчүн ири суммада акча төлөнгөн. Ошондуктан күч органдары бири биринен “кызнанып” талашып, коштоп келишкен.

Бирок А. Батукаевдин “иши” боюнча бүгүнкү күнгө чейин Т. Акундан башка эч бир чиновник же башка маалыматты билген кызматкерлер ооз ачпай келишет. Алар дале болсо Кыргызстандын криминалдык дүйнөсүн көзөмөлдөп, “дан” чогултуп турган “мыйзамдагы уурудан” коркушат же аны бошотуу учурунда өз “үлүшүн” алып, булганып калган.

Болгону кайра эле ичине таруу айланбаган, ичиндеги сөздү “балп” эттирип айтып салган экс-президент А. Атамбаев журналисттерге берген маектеринин биринде А. Батукаевдин бошотулушуна ошол учурдагы күч органдарын көзөмөлдөгөн Шамил Атахановду күнөөлөп, “Шамил Атахановдон шалаакылык кеткен…”,- деп кыска жана табышмактуу жооп айтылган.

Баса, коомчулукта ал кезде А. Батукаев Бишкектен Грозныйга учуп кеткен менчик самолет Ш. Атахановдун баласына тиешелүү фирмага таандык экендиги да айтылган болчу. Кийин, көп өтпөй Ш. Атаханов өзү кызматынан бошотулуп, азыркы күнгө чейин кайда, эмне менен алектенип жүргөндүгү белгисиз. Эгер ажы Т. Акундун мурдагы УКМКнын төрагасы Б. Таабалдиев тууралуу айтканы чын болсо, демек, анда А. Батукаевдин маселеси президенттин деңгээлинде чечилген жана анын макулдугу менен бошотулган.

Бул маселени улам  көтөрүп жаткандыгына караганда,  азыркы парламент депутаты, ал кезде Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын төрагасы, генерал Зарылбек Рысалиев өзү деле көп жагдайларды билет болуш керек…

Ал эми Башкы прокуратура А. Батукаевдин бошотулушу боюнча ачылып, кайра токтотулуп калан кылмыш ишин кайра жандандыргандыгы чын болсо, анда жогоруда айтылган, эл арасында божомол иретинде айтылган сөздөргө жооп табылып, тиешелүү жетекчилер мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш…

А.Белеков.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз