Пятница, 17 мая

Орусиядан Ысык-Көлгө жаңы аба каттам ачылат

0

Ысык-Көлгө Орусиянын эки шаарынан аба каттамдары ачылат. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Москва жана Новосибирск шаарларынан самолет учмакчы.

16-июндан тартып «Аэрофлот» авиакомпаниясы Москва — Тамчы — Москва багыты боюнча жумасына эки жолу, бейшемби, ишемби күндөрү каттамдарды аткарышы күтүлүүдө;

19-июндан тарта S7 Airlines авиакомпаниясы Новосибирск — Тамчы — Новосибирск багыты боюнча жумасына бир жолу, жекшемби күнү каттамдарды аткарууну пландаштырууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз