Понедельник, 20 мая

Түркия Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүүсүнө каршы

0

Түркия террордук уюмдар менен күрөшүүдө так позицияны карманууну каалабаган мамлекеттердин НАТОго мүчө болуу арыздарына оң карай албайт, мындай өлкөлөрдүн альянска кабыл алынышы анын коопсуздугуна коркунуч туудурат, деди Түркиянын Президенттик Аппаратынын жетекчиси Фахреттин Алтун.

«Террор менен күрөштө так позицияны карманууну каалабаган мамлекеттердин НАТОго мүчөлүк арызын Түркия оң кабыл ала албайт. Мындай позиция Түндүк Атлантикалык альянстын келечегине да коркунуч туудурат», — деп жазды Анадолу маалымат агенттиги Алтундун сөзүн.

Буга чейин Түркиянын Коргоо министрлиги Кара деңиз портторунан эгин экспорттоодогу жылыш тууралуу билдирген. Бирок дагы деле талкууну талап кылган техникалык маселелер бар, дейт түрк департаментинин башчысы.

Түркия Финляндия менен Швецияга НАТОго кирүү үчүн ультиматум койгону да мурда кабарланган. Түркиянын президенти Эрдоган түндүктөгү эки өлкөнүн НАТОго мүчө болушун жаңылыштык деп эсептей турганын билдирди. Бул өлкөлөрдө, анын айтымында, көптөгөн “террордук уюмдар” бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз