Суббота, 27 апреля

Жапаров: Мага сын айтып, тилдеп жаткандарды жаман көрбөйм

0

Президент Садыр Жапаров анын ишин сынга алгандар менен соттошпой турганын жана сөз эркиндиги болушу керек экенин билдирди. Бул тууралуу өлкө башчы Би-Би-Си радиосунун кыргыз кызматына курган маегинде айтты.

“Мен өлкө башчысы болгондон кийин баарын бирдей көрүшүм керек. Үй-бүлөдө деле он балаң болсо бир-экөө начар чыгат. Аларды кодулап, бөлүп таштай албайсың да. Баарын бирдей жакшы көрөсүң. Мага сын айтып, тилдеп жаткандарды жаман көрбөйм. Сотко бербейм. Кечирим суратпайм. Сабырдуулук кылып тим коюп жатам. Бирок чектен ашып бара жатса, катуу тарбиялап койгонго эрким жетет. Чектен чыкпаш керек”, — деди Жапаров.

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык өкмөттүк эмес уюмдун жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги боюнча ушул жылдагы рейтингинде 180 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 72-орунду ээлеген.

Быйыл 3-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет (УКМК) Next TV телеканалына  “улут аралык кастыкты козутуу” деген айып менен иш козгоп, каналдын директору Таалай Дүйшөмбиев тергөө абагында жатат.

Иликтөөчү журналист Болот Темировго төрт кылмыш иши, аны менен кызматташкан төкмө акын Болот Назаровго да ачылган иш боюнча сотто териштирүү болууда. Алар муну кесиптик ишмердигине байланыштырып келет.

Кыргызстанда буга чейин бийлик, чиновниктер жалпыга маалымдоо каражаттарын, журналисттерди миллиондогон доого жыккан окуялар болгон.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз