Марат Казакпаевге керектүү жардам көрсөүлгөн эмеспи?

0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Марат Казакпаевдин буга чейин да ооруганы белгилүү болду. Маалыматка ылайык ал быйыл 27-апрелден 19-майга чейин Улуттук госпиталда дарыланып, кайра абакка жеткирилген. Буга чейин айрым маалымат булактары Казакпаевге жеткиликтүү жардам көрсөтүлбөй калгынын жазып чыккан.

Ал эми Акыйкатчынын Марат Казакпаевге меджардам канчалык жеткиликтүү болгону текшере турганын маалымдалды. Мекеменин маалыматына караганда, Казакпаевдин жубайы жардам сурап аларга 6-июнда кайрылган. Азыр Акыйкатчынын кеңсеси саясат талдоочуга медициналык жардам канчалык жеткиликтүү болгонун жана анын бөгөт чарасы эмне үчүн өз убагында өзгөртүлбөгөнүн териштирүүдө.

Марат Казакпаев Бишкектеги №1 клиникалык ооруканада оор абалда жатууда. Кечээ, 9-июнда эртең менен анын ден соолугунун абалы кескин начарлаганына байланыштуу тез жардам чакырылган. Ал тез жардам кызматынын дарыгерлери тарабынан Бишкек шаарындагы №1 клиникалык ооруканага жаткырылган.

Марат Казакпаев 2021-жылдын 14-апрелинен тартып КР УКМК тергөө камак жайында КР Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесинин 1-бөлүгү (Мамлекеттик чыккынчылык кылуу) боюнча камакта болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз