Суббота, 27 апреля

Нигерияда эпидемиянын айынан 65 адам өлдү

0

Батыш Африка өлкөлөрүнүн бири Нигериянын Жигава аймагында менингит эпидемиясынан улам 65 киши каза тапты.

Жигава аймагынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу кызматкери Малам Самайла Махмуд, Нигерия-Нигер чек арасындагы Жигава облусунда өткөн айдан бери 280 менингит оорусунун учуру аныкталганын жана бейтаптардын 65инин каза болгонун билдирди.

Махмуд аймактын бир катар жерлеринде эпидемиядан улам көптөгөн адамдардын угуу жөндөмүнөн ажыраганын кабарлады.

Эпидемияга каршы чара көрүүлөр башталганын белгилеген Махмуд, моюн жана башы ооругандардын дароо ооруканага кайрылуусу керектигин эскертти.

Мээден баштап бүт денени жабыркатуучу менингит аба аркылуу жугушу мүмкүн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз