Воскресенье, 24 ноября

Ата-Бейитте Чыңгыз Айтматов эскерилди

0

Дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов каза болушунун 14 —  жылында  Кыргызстандын борбор шаары Бишкектеги бейитинде эскерилди.

Улуттук илимдер академиясынын мүчөлөрү, кесиптештери Айтматовду  «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги бейитине  гүл коюп дуба кылышты.

Бейитте жазуучунун уулу Аскар, кызы Ширин менен кичүү уулу Элдар жана жубайы Сабира да болду.

Улуттук илимдер академиясынын мүчөлөрү зыяратчыларга жазуучу тууралуу эскерүүлөрүн айтып беришти.

Академиянын  кызматкерлери жана студенттер жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү окушту.

Комуздун коштоосунда жазуучунун чыгармаларынан алынган сүрөт тартуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Айтматовдун үй-бүлөсү мүрзөнү зыяратка келгендерге ыраазычылык билдирди.

Ширин Айтматова сөз сүйлөп: «14 жыл өттү. Бүгүн биз атамдын чыгармалары менен сыймыктанып жатабыз. Окурман катары атам азыркы күндө дүйнө муктаж болгон гуманизмдин жана акыл-эстин үнү болгонун айта аламын»,- деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз