Мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалган саясий талдоочу Марат Казакпаев кечээ, 10-июнда ооруканада өзүнө келбей каза болду. Бириккен демократиялык кыймыл УКМК төрагасынын иштен кетишин талап кылды. Ал эми УКМК дооматтарга жооп берди.
КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүнкү күнгө чейин Казакпаев дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди алып, ден соолугунун абалы канааттандырарлык болгон.
«2022-жылдын 9-мартынан бүгүнкү күнгө чейин кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат. Марат Казакпаев анын ден соолугуна байланыштуу жубайынын кайрылуусунун негизинде 2022-жылдын 27-апрелинен 19-майына чейин КР Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын №1 көз микрохирургиясына “жаңы толук гемофтальм, жогорку миопия, хориоретиналдык дистрофия” диагнозу менен жаткырылган», — деп билдиришти УКМКдан.
Ошондой эле, Казакпаев 2022-жылдын 25-майында М.Миррахимов атындагы кардиологиялык борбордун шартында комплекстүү текшерүүдөн, врачтардын кеңешинен өтүп, андан кийин дары-дармектер белгиленген.
«19-майдан 9-июнга чейин анын жактоочулары медициналык мекемелерге жаткыруу жөнүндө арыз менен кайрылган эмес. Мындан тышкары, Казакпаев сот процесстерине өзү катышып жүргөн. Үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда эртең менен ден соолугунун абалы кескин начарлап кеткендигине байланыштуу КР УКМК демилгеси менен ал Бишкектеги №1 клиникалык ооруканага жаткырылган. Ага “геморрагиялык инсульт” деген диагноз коюлган», — деп айтылат билдирүүдө.
УКМКдан саясий серепчи 10-июнда саат 14:31де ооруканада мээнин сөңгөгүндөгү интрацеребралдык кан куюлуп кеткендиктен каза болгондугун маалымдашты.
УКМК Казакпаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.