Воскресенье, 19 мая

Согуш финдерди коркутту. Орусия менен чек-арасына зым тосмо тартат

0

Орусия менен Украинанын ортосунда жүрүп жаткан согуштан улам Финляндия Орусия менен чек арасына зым тосмо тартууну чечти.

CMS Times гезитиндеги кабарга караганда Финляндиянын Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта Орусия менен Украинанын ортосунда уланып жаткан согуштан улам гибриддик коркунучтардан коргонуу үчүн Орусия чек арасындагы коопсуздуктун жогорулатыла турганы белгиленди. .

Москванын мигранттарды саясий кысым көрсөтүү үчүн колдонушу мүмкүн деп кооптонгон Хельсинки Орусия менен 1300 чакырымдык чыгыш чек арасына бекем тосмолорду курууну жеңилдеткен мыйзамдык өзгөртүүлөрдү киргизүүнү пландоодо.

Учурда өлкө чек араларында малдардын туура эмес тарапка өтүп кетүүсүнө жол бербөө үчүн жыгач тосмолор колдонулууда.

Тосмо курууга киргизилген өзгөртүүлөрдүн «мүмкүн болушунча тезирээк» күчүнө киргизилиши пландалууда.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз