Понедельник, 6 мая

Кыргызстанда бир гана университет дүйнөнүн эң мыкты университеттеринин катарына кирди

0

Кыргыз-Түрк “Манас” университети дүйнөнүн эң мыкты университеттеринин катарына кирди. Кыргыз-Түрк “Манас” университети QS (Quacquarelli Symonds) версиясы боюнча дүйнөдөгү 1422 мыкты университеттин рейтингинде 801-орунду ээледи. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылат.

“Манас” дүйнөлүк университеттердин рейтингине кирген биринчи кыргызстандык университет болду.

Быйыл QS (Quacquarelli Symonds) рейтингине 2462 университет каралып, анын ичинен 1422 дүйнөдөгү эң мыкты окуу жай деп тандалган.

Бул тизмеге Азиядан 439 университет, Африкадан – 32, Европадан – 483, Латын Америкадан – 190, Түндүк Америкадан – 232, Океаниядан – 46 университет кирет.

Рейтингде Борбор Азиядан – Казакстандан (16 университет) жана Кыргызстандан “Манас” университети көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, QS (Quacquarelli Symonds) дүйнөлүк жогорку билим берүү секторуна кызмат көрсөтүүлөрдү, аналитикаларды жана прогноздорду жеткирүүчү дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз