Вторник, 28 ноября

YTB: Германияда түрктөргө карата кол салуу учурлары көбөйүүдө

0

Түркиянын Өлкө тышындагы түрктөр жана тектеш коомдор башкармалыгы (YTB) «Өлкө тышындагы түрктөрдү бутага алган кол салуулар» аттуу отчетун жарыялады. Отчетто 2021-жылы дүйнө жүзү боюнча түрктөргө карата кол салуулар тууралуу маалымат берилген. Отчет түрк, англис, немис жана француз тилдеринде жарыяланды.

Буга ылайык былтыры 23 өлкөдө түрктөргө карата 316 кол салуу катталган. Германияда 132, Нидерландияда 43, Францияда 38 кол салуу болгон. 2021-жылы түрктөрдүн 22 турак-жай жана иш-канасына  өрт коюлса,  6 жолу мечиттер бутага алынган.

Көбүнесе түрктөргө карата «жек көрүү сөздөрү» айтылган, же болбосо үйлөрдүн дубалдарына түрктөргө каршы сөздөр жазылган. Кээ бир учурларда түрктөргө, алардын ишканаларына «коркутуу каттары» жиберилген.

Отчет тууралуу YTB уюмунун интернет сайтындагы «Жек көрүү кылмыштары жана жикчилдик менен күрөш» порталынан маалымат алууга болот. Кыскача аты NESAM болгон портал, түрктөргө чет жакта дуушар болгон кодулоо жана кол салуулар тууралуу YTB уюмуна билдирүү мүмкүнчүлүгүн берүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз