Четверг, 25 апреля

Стамбулда 5-этноспорт маданий  фестивалы өттү

0

5-этноспорт маданий  фестивалы Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы тарабынан уюштурулду. Стамбулдун эски Ататүрк аэропортунда уюштурулган фестивалга ар башка өлкөдөн спортчулар катышты. Фестивалдын алкагында салттуу оюндар уюштурулду.

Муну менен катар түрдүү өлкөлөр өздөрүнүн салттуу буюм-терим жана тамак-аштарын таанытуу үчүн стенддерди орнотушту. Кыргызстан, Тажикстан, Судан, Тунис, Алжир, Ирак, Палестина, Ливан, Косово, Босния —  Герцеговина, Камерун жана Грузиянын, ошондой эле Танзания, Өзбекстан, Монголия, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдүн салттуу колго жасалган буюмдары таанытылды.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз