Суббота, 20 апреля

Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч

0

Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирди.

Алардын маалыматында, эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

«Түн тынч өттү, эч кандай терс окуялар, чыр-чатактар ​​катталган жок», — дейт Чек ара кызматы.

Түнү «Кызыл-Бел-авто жол» жана Тажик Республикасынын «Гулистон-авто жол» өткөрүү пункттарынын ортосунда  Баткен жана Согди облустары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн кезектеги жолугушуусу тараптардын укук коргоо органдарынын облустук башкармалыктарынын жетекчилеринин катышуусунда болуп өттү.

Белгилей кетсек, кечээ Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде кайра ок атышуу катталды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз