Пятница, 19 апреля

Красноярск-Бишкек аба каттамы ачылды

0

Красноярск-Бишкек-Красноярск багыты боюнча жаңы туруктуу авивакаттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-июнда Бишкекке биринчи каттам менен 85 жүргүнчү учуп келди, ал эми Красноярскиге 78 адам учуп кетти.

Каттам жумасына 3 жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Учуунун убактысы 3 саат 30 мүнөт.

Аталган багыт боюнча авиакаттамдарды «Россия» авиакомпаниясы аткарат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз