Пятница, 3 мая

Аманова: “Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” жогорку деңгээлде өтөт

0

“Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” Эл аралык иш-чараларынын башталаарына саналуу күндөр калды. 20-апрелде Президент Сооронбай Жээнбеков анын расмий ачылышын жасайт. Буга чейин маалым болгондой, 16-апрелден баштап Ош шаарына чет элдик коноктор келе баштаган. Аларды тейлегенге 3 тилде эркин сүйлөгөн 100гө жакын волонтер иштеп жатат. Ал эми акыркы 2 күндүн ичинде “Түрк дүйнөсүнүн маданий борборуна” 174 өнөрпоз барды. Бул саамалыктын алкагында дагы бир чоң иш-чара өткөнү турат. Ал – ЮНЕСКОнун 7- отуруму Ош шаарында болот. Мэрия Эл аралык иш-чаралар өтүп жаткан учурда тейлөө тармагын жакшы көрсөтүүнү калктан өтүнөт. Бул иш-чаралардын даярдыктары тууралуу сурап, Ош шаардык мэриясынын Социалык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы Салтанат Амановага кайрылдык.

-Салтанат айым, саламатсызбы? “Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” Эл аралык иш-чараларынын расмий ачылышына саналуу эле күндөр калды. Даярдыктар кандай?

-Саламатчылык. Биздин Ош шаарыбыз “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп аталгандан кийин 3 айдан бери катуу даярдыктар жүрдү. Комплекстүү жалпы план түзүлгөн. Өзүңүздөргө маалым болгондой, ушул жылдын 20-апрелинде расмий ачылуу аземи коюлган болчу. Анын алкагында, 10 Эл аралык деңгээлдеги иш-чара белгиленди. Ал пландарыбыздын баарын талаптагыдай, жогорку деңгээлде аткаруу максатында шаар мэриясы тарабынан 4 багыт боюнча комиссия түзүлгөн.

Алардын биринчи багыты, бул – шаардын эстетикалык жагын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү, жолдорду, тратуарларды жакшыртуу максатында бир комиссия иш алып барып жатат. Алар шаардагы 3 чоң көчөдө оңдоо, жаңылоо иштерин жүргүзүштү. Мындан сырткары, көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы көрүнүштөрүн актап-сырдоо иштерин аткарып, аягына чыгып калды. Мекеме, уюм, ишканалар жана турак-жайлардын сырткы көрүнүштөрүн кооздоо да ушул багыттагы аткарылган иштердин натыйжасы болду.

Ал эми экинчи багытында болсо, бул – көрктөндүрүү жана жашылдандыруу багыты болду. Алардын иши дагы аягына чыгып калды. 3 айлык ишембиликтер белгиленип, вице-мэрлерибиз күнү-түнү дебей көчөлөрдү кыдырып, баарын көзөмөлдөп жүрүшөт.

Үчүнчү багыттагы комиссия, маданий иш-чараларды өткөрүү ишин жетектейт. Анда Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору,- деп аталгандан кийин, ага татыктуу болгон эмнебиз бар, ошолордун баарын дүйнөгө көрсөтүп, таанытышыбыз керек. Булар – тарыхий артефакттар, археологиялык казууларыбыз, Сулайман-Тоодогу пиктографиялык жазууларыбыз. Ошолорду эле көрсөтүп коюу деп эле элестетишет, жок, бул – Ош шаарынын көөнө маданияты, эли менен жашоо образы, менталитети менен сакталып калган дүйнөдө саналуу гана шаар болсо, ошонун бири Ош шаары. Ошондуктан, көп улуттуу элибиздин маданиятынын жуурулушкан цивилизациясын көрсөтүшүбүз керек болуп турат. 3 миң жыл баскан тарыхында геосаясаттарда сакталып калган уникалдуу бир маданиятын, каада-салт, ырым-жырым, жөрөлгөлөрдү чагылдырышыбыз зарыл. Ошол эле учурдагы өзгөчө бир маданиятыбызды, азыркы турмушубузду да көрсөтөөрүбүз турган иш. Ушулардын баары маданий иш-чараларды көрсөтүүнү шефтикке алган үчүнчү комиссиябыздын карамагындагы жумуштар.

Ал эми төртүнчү комиссия – чет элден келген конокторду талаптагыдай тейлеп, аларды алып жүрүү боюнча иштешет. ЖОЖдордо билим алып жатышкан студенттердин арасынан 3 тилде эркин сүйлөй алган 100гө жакын ыктыярчылар атайын даярдыктан өтүшкөн. Алар өз жумуштарын жогорку деңгээлде аткарышып, кызмат көрсөтүп жатышат.

  • Ош шаарына канча мамлекеттен коноктор келди? Алар үчүн кандай иш-чаралар каралган?

-Биз, 300гө жакын конок күтүүгө даярданганбыз. Бул Эл аралык иш-чара өтө чоң масштабда өтүп жатат. 2 күндүн ичинде 174 өнөрпозду тосуп алдык. 18-апрелден баштап, расмий конокторду тосуп алуу иш-чаралары болот. Жалпысынан 15тен ашык мамлекеттен коноктор чакырылган. Алардын саны 260тан ашык. Сыйлуу коноктордун келүүсүнөн сырткары, сыймыктуу да иш болгону атат. Бул – ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын 7-жыйыны Ош шаарында өткөнү жатат. Ал боюнча ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна ыраазычылык билдирип кетебиз. Анткени өзүңүздөр билесиздер, биздин Кыргыз-Өзбек университетинин базасында өтө турган ЮНЕСКОнун 7-жыйынында сөзсүз түрдө адамзаттын материалдык жана руханий байлыктарына татыктуу боло турган сунуштар айтылат, изилдөө иштери жарыяланат. Бул аянтчадан пайдаланып, биздин этнографтарыбыз, тарыхчыларыбыз, илимпоздорубуз Ош шаары эле эмес, Кыргызстандын кайсы бир булуң-бурчундагы аткарууну талап кылган маселелерди көтөрүп, сунуштай алышат.

Чет өлкөлөрдөн келе турган коноктордон сырткары, Кыргызстандын башка аймактарынан расмий конок катары 500дөй адамдын келүүсү да күтүлүп жатат. Булардан сырткары, ички туристтер менен жакынкы мамлекеттерден келе турган туристтерди кошкондо дагы 10 миңдей адам келүүсү күтүлүүдө. Ошолордун баарын татыктуу тосуп алыш үчүн тейлөө тармагында кызмат кылгандардын айрымдарына окууларды өткөрүп, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча иштер да аткарылып жатат.

Эми буйруса, бул 3 айдан бери уюштурулуп жаткан чоң даярдыктардын баарын эл, Ош шаарынын ар бир жашоочулары колдоп берет деген ойдобуз. Анткени чет жактан келе жаткан конокторубуз бир эле Ош шаарын эмес, бүтүндөй Кыргызстандын маданиятын, өлкөбүздүн тарыхий-археологиялык обьекттерин көрүү үчүн келе жатышат. Ошондуктан ар бир жаран тарыхыбызды билип, аларга түшүндүрүп беришибиз керек. Эң негизгиси – конокторго маданияттуу мамиле жасашыбыз керек. Ошол эле тейлөө тармагындагы эмгектенген биздин ар бир жашоочуларыбызды чакырып кетет элек, тейлөөнү жогорку сапатка чыгарып, патриоттуулук менен көңүл буруп коюңуздар деп. Баарына барып, түшүндүрүп, айтып чыкканга мүмкүн эмес экен. Ошондуктан, ар бирибиз келген конокторубузга жакшы тарабыбызды көрсөтүп калсак деп айтат элек.

  • Быйыл ушул “Түрк дүйнөсүнүн маданий борборунда”, тактап айтканда, Ош шаарында, канча эл аралык иш-чаралар өткөрүлөт? Алар кайсылар жана кайсы мезгилдерде өткөрүлөт?

 

  • Ош шаардык мэриясы тарабынан чыгармачыл топ түзүлгөн. Шаардагы бүтүндөй, ар бир тармактагы көп жылдар бою иштеп, эмгеги сиңген, бардык багытка көздөрү жеткен инсандарды чакырып келип, алардын сунуштарын алып, ошонун негизинде программабызды Өкмөткө сунуштаганбыз. Өкмөт ага алымча-кошумча киргизип, макулдугун берген. Ошондо 25 иш чараны жыл ичинде өткөрө турган болдук. Алардын 23ү Эл аралык болсо, экөө республикалык деңгээлде өтүүчү иш-чара болуп саналат.

 

Айта кете турган болсок, көрүп атасыздар, “Этномаданият” фестивалы өткөрүлөт. Ошондой эле Эл аралык спорттук турнирлер болот. “Ош – балдардын көзү менен” деп аталган Эл аралык балдардын сүрөт көргөзмөсү өткөрүлө турган болууда жана Түрк мамлекеттеринин сүрөтчүлөрүнүн пленэрин уюштуруп жатабыз. Мында белгилүү сүрөтчүлөр Ош шаарында жай мезгилде келип, шаардын кооздугун тартышып, өздөрүнүн эмгектерин бизге таштап кетишет. Бул дагы биз үчүн тарыхий мааниси бар чоң иш-чаралардын бири. Андан сырткары Түрк тилдүү мамлекеттердин кино жумалыгын уюштуруп жатабыз. Ошондой эле Кыргызстандын маданият жаатында эмгек сиңирген ишмерлеринин катышуусундагы атайын маданий прогармма түзүлгөн. Бул – өлкөнүн башка аймактарында да өткөрүлөт. Анын ичинде Ош шаарында дагы болот. Мындан сырткары, “Сулайман-Тоо – тынчтыктын жана ынтымактын символу”,- аттуу Ош фест туристтик фестивалы дагы өткөрүлөт. Анын ичинде эле буга чейин Кыргызстандын аймагында өткөрүлгөн белгилүү оймо, шырдак аттуу кол өнөрчүлөрдүн долбоорлорун чакырып атабыз. Мында атайын жарманке уюштурулат. Ошондой эле Эл аралык дизайнерлердин сынагын да өткөрөбүз. Ушулардан сырткары, мен атын атабай кеткен көптөгөн Эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар мерчемделген. Буйруса, жогорку деңгээлде өткөрөбүз деген ниеттебиз.

— Маегиңизге Рахмат!

Маектешкен А. Белеков.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз