Пятница, 17 мая

ТИКАнын  кесиптик курстарынын бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшырылды

0

Кыргыз Улуттук китепканасынын Кыргыз-Түрк Ч. Айтматов окуу залында  ТИКА (Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги) кесиптик курстарынын катышуучуларына сертификат тапшыруу аземи болуп өттү. Аземге Түркия Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат, КРнын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министиринин орун басары Токтосартов Камалдин, ТИКАнын вице-президенти Рахман Нурдун, ал уюмдун Кыргызстандагы координатору Али Муслу, А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашева жана башка өкүлдөр катышты.

Март жана апрель айындагы курстардан жалпы 77 киши сертификат алышты. Белгилей кетсек буга чейин жалпысынан 257 киши курсту ийгиликтуу аякташып сертификаттарын алышкан.

Курстардын бүтүрүүчүлөрү ТИКАга ыраазычылыктарын билдиришти жана өз колдору менен жасаган белектерин беришти. Тигүү курсунун кыздары «Нур Булак» мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо фондуна жардам катары жаш балдарга арнап шымдарды тигип белек катары тапшырышты.

Бул иш чаралардан абдан таасирленген Туркия элчиси Женгиз Камил Фырат, билимге суусаган жаштарыбыз үчүн пайдалуу жана керектүү болгон мындай акысыз курсттарды Кыргызстандын башка областтарында да уюштуруп өткөрүү үчүн ТИКАнын вице-президенти Рахман Нурдундан жана КРнын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министиринин орун басары Токтосартов Камалдинден эл астында сөз алды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз