Жаңы Зеландияда жүздөгөн көк пингивин кырылып калды

0

Жаңы Зеландия жээктеринде дүйнөнүн эң кичинекей көк пингивиндердин өлүгү табылды.

Жаңы Зеландиянын жаратылышты коргоо департаменти күн сайын  200гө жакын көк пингивиндердин жээкке чыгышына жана алардын массалык өлүмүнө  океандагы температуранын жогорулашы  себеп болгонун билдирди.

Жаңы Зеландияда деңиз бетинин ысыктыгы жана кургактыктагы шамалдын күчөшү кичинекей көк пингивиндердин уя салып жана азыктанышын кыйындатууда.

Боюу 25 сантиметр болгон жана бир килограмм салмактагы көк пингивин акыркы он жылда популяциясындагы азайуудан улам «жок болуп бара жаткан түрлөргө» кирди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз