Мексикада маймыл чечеги катталды

0

Мексикада дагы 5 адамдан маймыл чечеги вирусу аныкталды.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Уго Лопес Гателл борбор калаа Мехикодо 4, Халиско штатында да 1 кишиден маймыл чечеги вирусу табылганын белгилеп, коомчулукту дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Лопес маселеге байланыштуу эч кандай кошумча чара көрүшпөй турганын айтып: «Жуктурган учурларга байкоо салууну улантабыз, бирок бул эпидемия же коронавируска (Ковид-19) окшош көрүнүш болушу мүмкүн деген күтүүлөр жок»,-деди.

Өлкөдө маймыл чечеги оорусунун биринчи учуру 29-майда Нидерландиядан барган адамда табылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз