Среда, 24 апреля

Казинолордун ишине уруксат берген мыйзам долбоору колдоо тапты

0

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети кумарканаларды кайра ачуу каралган мыйзам долбоорун жабык карап, дароо экинчи жана үчүнчү окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алды.

Депутат Дастан Бекешов Твиттердеги баракчасына “мен мыйзам долбооруна каршы добуш бердим. Анткени бул Кыргызстанда онлайн-казинолордун ачылышына, кумар оюндарын жарнамалоого жол ачат. Жарандар баары бир казино ойнойт”,-деп жазды.

Өткөн аптада аталган комитет чет элдик жарандар үчүн казино ачууга жол берген мыйзам бул долбоорун караган эмес. Анда депутаттар талкуунун түз эфирде көрсөтүлүшүн жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун келишин талап кылышкан.

Парламент өткөн айда бул долбоорду биринчи окууда колдогон.

Президент Садыр Жапаров менен өкмөт башчы Акылбек Жапаров журналисттерге курган маектеринде документти колдошорун билдиришкен.

Былтыр депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштап, талаш-тартыштардан кийин артка кайтарып алган.

Президент Жапаров коомдо талкуу жараткан казинолор тууралуу мыйзамды колдоп, кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз