Четверг, 25 апреля

Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды узартты

0

Евробиримдик Орусияга Крым менен Севастополду мыйзамсыз аннексиялап алганы үчүн киргизген санкцияларынын мөөнөтүн бир жылга узартты.

Биринчи жолу 2014-жылы киргизилген санкциялардын арасында Крым менен Севастопольдо өндүрүлгөн продукцияларды Евробиримдикке киргизүүгө тыюу салуу, ошондой эле бул аймактарга инфраструктуралык жана каржылык инвестициялар менен туризм кызматтары бар.

Булардан тышкары транспорт, телекоммуникация, мунай, газ жана кендерди чалгындоо, өндүрүү иштери сыяктуу энергетика тармагындагы айрым өнүм жана технологияларды Крымдагы компанияларга сатууга да санкциялар алкагында тыюу салынган.

Европа Кеңешинин билдирүүсүндө, санкциялардын 2023-жылдын 23-июнуна чейин узартылганы кабарланды.

Орусия 2014-жылдын март айында Крым Автономиялуу Республикасы менен Севастополь шаарын мыйзамсыз аннексиялап алган. Крымдын Орусия тарабынан аннексияланышы жана Украинанын чыгышындагы окуялардан кийин Евробиримдик, АКШ жана айрым өлкөлөр Орусияга каршы санкцияларды киргизе баштаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз